Колумбияда жер көчкүдөн 254 киши набыт болду

Колумбиянын түштүк-батыш тарабында жер көчкүдөн 254 киши набыт болду. Өлкө башчы Хуан Мануэль Сантос каза болгондордун арасынан 40тан ашууну жаш балдар экенин ырастады.

Өткөн дем алыш күндөрү президен окуя болгон Мокоа муниципалитетине өзү барып, кабар алып кайтты. Ал өз сөзүндө, “ Мокоада бүгүндөн тарта оңдоп-түзөө иштери башталат. Бузулган турак-жайларды калыбына келтирүүнү өзүм көзөмөлгө аламын”, – деп баса белгиледи.

Маалым болгондой, жер көчкү тынымсыз жааган жамгырдан улам келип чыккан. Бир топ региондордогу дарыялар нугунан чыгып, суу ташкынын пайда кылды. Учурда кырсык болгон аймакта дайынсыз жоголгондорду издөө иштери уланууда. Ага миңден ашуун аскер кызматкерлери тартылды.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.