Колумбия: кезектеги жер көчкү

Колумбияда дагы жер көчкү катталды. Кырсык бул ирет Манисалес шаарын кыйратты. Учурда окуя болгон жайда куткаруучулар иш алып барышууда. Азырынча 19 киши каза болуп, алтоо дайынсыз деп айтылууда. Бирок адистер набыт болгондордун саны өсүшү мүмкүн деп эскертишти.

Колумбияда кезектеги жер көчкү катталды. Бул ирет табият кырсыгынан Манисалес шаары жабыркады. Учурда бир нече турак-жайлар көчкү алдында калганы айтылууда. 19 киши каза болуп, 6 адам дайынсыз деп изделип жатат.

Көчкү нөшөрлүү жаандан улам келип чыкты.

 Хуан Мануэль Сантос, Колумбиянын президенти:

Манисалестин аэропорту учурда жабылып турат. Аба майданды иштетүүгө мүмкүнчүлүк түзүлсө эле, биз колубуздан келген жардамыбызды беребиз. Учурда куткаруу кызматынын өкүлдөрү жана транспорт министрлиги баары ошол жакта. Кандай гана кырдаал болбосун, бийлик колдоо көрсөтөт.

Эскерте кетсек, мындан 3 жума мурун Мокоа шаарында да жер көчкү жүрүп, 320 киши каза болгон. Өлкөдө мындай табият кырсыктары бат-баттан катталып турат. Эң каргашалуу окуя 1985-жылы жүз берген. Андагы жер көчкүдөн 20 миңден ашуун киши набыт болгон.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.