Өкмөттүн Оштогу өкүлү Кара-Сууда добуш берди

Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Байыш Юсупов Кара-Суу районундагы № 5269 шайлоо участогунда добуш берди. Аталган участокто 2 499 шайлоочу бар.

“Учурдан пайдаланып, бардык шайлоочуларды бүгүнкү майрамы менен куттуктаймын. Жалпы Ош облусу боюнча бүгүн 506 шайлоо участогунда шайлоо жүрүп жатат. Облуста шайлоочулардын саны 682 903. Шайлоо участокторунда бардык ыңгайлуу шарттарды түзүп бердик. 2 889 мүмкүнчүгү чектелген адам болсо, алар үчүн пандустар, чакыруу коңгуроолору уюштурулган. Шайлоо участокторунда электр энергиясы үзгүлтүккө учурабашы үчүн генераторлор, андан сырткары санитардык эрежелерди сатоо үчүн беткап, кол кап, тиешелүү антисептикалык каражаттар менен камсыз болушту. Тартипти көзөмөлдөө үчүн 1700дөн ашуун милиция кызматкери иш алып барууда. Пандемия шартында санитардык эрежелерди сактоо үчүн медицина кызматкерлери иштеп жатышат”, – деди Юсупов.

Ош облусу боюнча жалпы 506 шайлоо участогу болсо, шайлоочулардын саны 700 миңге чукул. Ал эми Кара-Суу районунда 146 добушкана, 237 миңге жакын шйлоочу бар.

Бүгүн, 4-октябрда кыргызстандыктар Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутаттарын шайлоодо. Пандемия шартында өтүп жаткан шайлоого 16 партия ат салышып жатат. Соңку маалыматтар боюнча добуш берүүгө укуктуу жарандардын саны – 3 523 554 кишини түзөт. Ал эми биометрикалык каттоодон өтпөгөн 557 856 жаран шайлоого катыша албайт.

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов №5555 шайлоо тилкесинде жарандык милдетин аткарды

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.