
Өткөн сутка ичинде Бишкек шаарында 8 унаа өрттөнгөн. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматынан билдиришти.
Өрттү өчүрүүгө 5 өрт өчүрүүчү бөлүм тартылган. Бактыга жараша, кырсыктан жабыркагандар жок. Учурда унаалардын өрттөнүшүнө кандай себеп болгону такталууда.
Өрт өчүрүүчүлөр унаа башкарып бараткан учурда өрт чыкса, 90 секунд ичинде ичинен чыгып кеткенге аракет кылууну эскертишет. Бул аралыкта эң башкысы айдоочу дүрбөлөңгө алдырбастан, унааны элдерден жана имараттардан алыс ачык жайга токтотуп, керектүү документтерди алып чыгып кеткенге аракет кылуу керек.
- 31.01.2022