Өкмөткө кайрылгандардын көбүн социалдык жактан корголбогондор түзүүдө

Үч ай ичинде Өкмөткө 1 500дөн ашуун жаран кайрылды. Алардын басымдуу бөлүгү кат түрүндө болсо, 300дөйү оозеки жолугушууларды өткөрүштү. Кайрылгандардын ичинен биринчи болуп социалдык жактан коргоого алынбаган жарандар басымдуулук кылат. Алар жөлөк пул алуу, жумушсуздук маселелери боюнча жардам сурап кайрылышат. Экинчи катарда болсо улгайган адамдардын көйгөйү турат. Алар пенсия алуу же материалдык жардам сурашат.

Каттардын басымдуу бөлүгүн социалдык кызматтар, пенсия, жеңилдиктер жана жөлөк пул алуулар түзөт. Ошондой эле билим берүү жана турак-жай маселеси боюнча талаш-тартыштар жазылган каттар көп түшүп жатат.

2016-жылы болсо Өкмөткө 6 миңден ашуун жаран маселесин чечип берүү үчүн кайрылган.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.