“Өкмөткө өгөйбүз” Жалал-Абадда жардам жетпеген айыл эли нааразычылык айтып чыгышты

Жалал-Абад шаары менен Сузак районуна караган Живпром жаңы конушунун тургундары айылга гуманитардык жардам берилбей жатканын айтып, нааразычылык билдирип чыгышты.

Көчө боюна чогулган 50дөн ашык тургундар карантиндик мезгилде оокат-аштан кыйналгандар көбөйгөнүн, сырттан ичүүчү суу ташып келүү кыйын болуп аткандыгын билдиришти.

Нааразычылык айтып чыгышкандардын көпчүлүгү азык-түлүктөн кыйналгандар. Арасында мүмкүнчүлүгү чектелгендер, көп балалуу үй-бүлөлөр жана пенсионерлер да бар. Алар аймакка киргизилген өзгөчө абал аларды бир топ кыйынчылыктарга дуушар кылгандыгын айтышты.

“Биздин айылда таза суу жок. Өзгөчө абал киргизилгенге чейин унаа менен алыс жактардан ташып иччүбүз. Эми жолдордун жабыктыгынан улам суу да ташый албай калдык. Өлкөнүн башка аймактарына гумжардамдар келип атыптыр, а бизге эч нерсе келген жок”,-дешет айыл тургундары.

Живпром айылы 2005-жылы түптөлүп, анда 410 кожолук бар. Айылдын көпчүлүк бөлүгү Сузак районунун Таш-Булак айылына, бир бөлүгү Жалал-Абад шаарына карайт. Жерди өз алдынча басып алып, салышкан үйлөргө азыркыга чейин кызыл китеп бериле элек.

“Биздин дарегибиз жок, көчөбүздүн аты, айылыбыздын аты, үйүбүздүн номуру жок. Документибиз да жок, катарда жокпуз азыр. Сыркоолоп калсак ооруканага кайрыла албай түйшөлөбүз, барсак эле документиңер кана, каттооңор каякта деп сурашат. Ар кимибиздин каттообуз ар жакта болгондуктан, каттоого турган жагыңарга баргыла дешет”,-деди айыл тургуну.

Андагы жашоочулар ар кайсы аймактардан көчүп келгендер, айыл статусун алыша элек. Бул айылда таза суу жок болгондуктан, алыстан ташып ичишет.

“Биз мамлекетке өгөй элебиз, эч ким кабар албайт, эмне болдуңар дебейт. Гумжардам бул жакта турсун, пенсиябызды ала албай атабыз”,-дешти айыл аксакалдары.

Жалал-Абад шаары боюнча 8 миңден ашык адам гуманитардык жардам сурап кайрылган. Алардын 5 200үнө азык-түлүк берилген. Буга чейин Жалал-Абад шаарында каттоодо турган 15тей жаран гана шаар бийлигинен жардам алышкан.

Живпром айылы өнөр-жай зонасында жайгашып, калктуу конуштардын катарына киргизилген эмес.

24-апрелде Түркиядан дагы бир учак мекендештерди алып келет

 

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.