Өкмөт майыптарды үй менен камсыздоо үчүн долбоор даярдап жатат

Майыптардын укуктары жөнүндө БУУнун Конвенциясы ратификацияланып калса, анын алкагында ишке ашырыла турган иш-чаралар үчүн бюджеттен 6,6 млрд сом каражат талап кылынат. Андан тышкары, 75 улуттук мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилүүгө тийиш. Бул тууралуу эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров билдирди.

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекованын айтымында, конвенциянын алкагында аткарыла турган айрым иш-чаралар жегиликтүү бюджеттин жана жеке ишкерлердин эсебинен каржыланат.

“Конвенциядагы биз үчүн эӊ татаал маселелердин бири майыптарды турак жай менен камсыздоо болуп саналат. Ошондон улам, азыр жумушчу топ түзүлүп, Турак жай жана Жер кодекстерине өзгөртүүлөрдүн долбоору даярдалууда”, – деди ал.

Азыркы учурда Жогорку Кеӊеште Майыптардын укуктары жөнүндө БУУнун Конвенциясын ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоору каралууда. Анын негизги максаты баардык майыптар адамдардын укуктары менен эркиндиктерин коргоо, ошондой эле алардын аброюн сыйлоого артыкчылык берүү болуп саналат. Конвенциянын ченемдерин ишке ашыруу үчүн алгачкы 10 жылда 6 млрд 647 млн сом керектелет.

Белгилей кетсек, ушу тапта Кыргызстанда 181 миӊ ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адам бар, алардын басымдуу бөлүгү эрезеге жетелек балдар болуп саналат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.