Өкмөт ЕАЭБдин 18 техникалык регламентин ишке киргизүүгө даяр

Жоопкерчилик аткаруучу бийликке жүктөлүп, өткөн жылдагыдай көйгөй кайталанбайт. Мындай убада өкмөт үйүндө 16-майда өткөн маалымат жыйында айтылды.

Алдыда тиешелүү министрликтердин өкүлдөрү аймактарды кыдырып, ишкерлер арасында түшүндүүрү ишин колго алышат. 12-августан баштап, бүт продукция техникалык регламентке жооп бериши талап.

Мында мамлекеттик стандарттан өткөн товарга берилген документтерди,  ЕАЭБдин алкагында дагы бир жылга чейин колдонууга болот.

“Буга байланыштуу ишкер ага карата колдонулган жана бул арызды каттоо үчүн шайкештикти баалоо боюнча органдарды аныктоо стандарттар менен таанышып, техникалык регламенттерди каттоого кайрылышы керек. Бул техникалык жөнгө салуу принциби. Бүгүнкү күндө өлкөнүн аймагындагы ЕАЭБ техникалык регламенттери экспортерлорго эч кандай таасирин тийгизбейт. Күчүнө кире турган техникалык регламенттер негизинен азык түлүк чыгарган жана тигүү товарларын өндүрүүчүлөргө тиешелүү. 2017-жылдын 12-августунда 18 техрегламент иштей баштайт, калган бирөө 2019-жылы күчүнө кирет. Техрегламенттердин көпчүлүк бөлүгү ушул жылдын август айында күчүнө кирет”, —вице-премьер-министр деди Олег Панкратов.

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.