Өкмөт башчы жер титирөөдөн жабыркагандарга кандай кеңешин берди?

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков 7-майда Ош облусунун Чоң-Алай районунда барып, жер титирөөдөн жабыркаган тургундардан кабар алды. Ал элге үйүн камсыздандыруу жана турак-жай курууда сейсмологиялык жана башка курулуш талаптарын аткаруу боюнча кеңештерин берди.

Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Равшанбек Рысбаев билдиргендей, акыркы күндөрү Чоң-Алай районунда түрдүү магнитудадагы 16 жер титирөө катталган болсо, анын 8и төрт баллдан жогору болгон.

Жалпысынан 993 турак үй текшерүүдөн өтүп, анын 8и толук жарактан чыккандыгы, 529у авариялык абалда экендиги жана 456сы түрдүү оңдоолорго муктаж экени аныкталды. Мындан сырткары оорукана, мечит жана мектеп да оңдоого муктаж.

Жабыркагандар үчүн  510 чатыр тигилип, ага 3 миңдей адам жайгаштырылды.
Учурда жарандык коргоо органдары келтирилген чыгымдарды аныктоо иштерин жүргүзүүдө.

Саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиев бардык жабыркаган айыл аймактарында жергиликтүү элге тез медициналык жардамдарды көрсөтүү үчүн көчмө медициналык пункттар иштеп жатканын билдирди.

Өкмөт башчы окууну үзгүлтүккө учуратпоо үчүн мобилдик мектептерди уюштуруу, жабыркаган тургундрарга курулуш материалдарын өз баасында жеткирүү боюнча тапшырмаларды берди.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.