Өкмөт башчы Улукбек Марипов өзбекстандык кесиптеши Абдулла Арипов менен жолукту

Жаңы дайындалган Премьер-министр Улукбек Марипов Алматы шаарында Өзбекстандын Өкмөт башчысы  Абдулла Арипов менен жолугушту. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Улукбек Марипов Алматыга Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн барган.

Өкмөт башчылар соода-экономикалык, инвестициялык, айыл чарба, маданий-гуманитардык, суу-энергетикалык жана транспорттук тармактардагы эки тараптуу кызматташтык маселелеринин кеңири чөйрөсүн талкуулады.

«Кыргызстан өз-ара ишенимге негизделген чыныгы бир туугандык мамилелер менен сыймыктанат. Биз Өзбекстан менен мындан ары дагы стратегиялык өнөктөштүктү активдүү өнүктүрүүгө даярбыз», – деди Улукбек Марипов.  

Ал эми Абдулла Арипов өз кезегинде кесиптешин жаңы кызматы менен куттуктап, кыргыз-өзбек мамилелери жогорку ишеним деңгээлинде экендигин белгиледи.

«Өзбек тарап кыргыз элин ар кандай башталышта колдоого алаарын жана эки элдин жана өлкөнүн кызыкчылыгына дал келген бардык долбоорлорго колдон келген көмөк көрсөтүүгө даяр экендигин ишенимдүү түрдө билдире алам», – деди Арипов. 

Тараптар биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга даяр экендигин тастыктады жана кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын калган тилкелерин юридикалык жактан тариздөөнү жыйынтыктоо боюнча ишти активдештирүү жана күчтөндүрүүнүн зарылдыгын белгиледи. Өзбек тарап ошондой эле Кыргызстанга минералдык жер семирткичтерди тийиштүү көлөмдө ташууну уюштурууга даярдыгы тууралуу билдирди.

Жолугушуу соңунда Өзбекстандын өкмөт башчысы Абдулла Арипов Улукбек Мариповду Өзбекстанга иш сапар мене келүү чакырыгын берди.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.