Өкмөт аймактарда ишкерлерди тейлөө борборлорун түзүүнү улантат

Бизнести жүргүзүү боюнча ишкерлерди колдоо жана аларга так маалымат, кеңеш берип туруу максатында Өкмөтү региондордо ишкерлерди тейлөө борборлорун түзүүнү пландап жатат. Бул тууралуу Өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Учурда аталган борбордун кызматтарын Ош, Жалал-Абад, жана Баткен шаарларындагы ишкерлер пайдаланууда.

Бул демилгенин башкы максаттарынын бири – ишкерлерди колдоо жана алардын дараметин бекемдөө болуп саналат.

Бүгүнкү күндө бизнести өнүктүрүү үчүн зарыл шарттар түзүлүп жатат. Алсак, аймактык долбоорлорго жана субъекттерге инвестициялардын агымын тартуу максатында жаңы түзүлгөн ишканаларга 5 жылдан 10 жылга чейин салык төлөөдөн бошотуулар каралган. Алар – мүлк салыгы, жер салыгы, пайда салыгы жана сатуудан түшкөн салыктар.

Мындан тышкары ата мекендик айыл чарба чийки затын кайра иштетип жаткан ишканалардын субъектилери (подакциздик товарлардын тобунан тышкары) КНСти 80% азайтуу менен төлөшөт.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.