
Сутка ичинде республиканын аймагында 8 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 10 бөлүм тартылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында 4, Ош шаарында 1, Чүй облусунда 1, Жалал-Абад облусунда 1, Ош облусунда 1 өрт кырсыгы катталган.
Ал эми куткаруу кызматтары тарабынан сууга түшүп кеткен баланы издөө, тыгылып калган 3 унааны чыгаруу жана 2 эшикти ачуу иштери аткарылды
- 15.03.2022