
Сутка ичинде өлкө аймагында 18 өрт кырсыгы катталып, аны өчүрүүгө 19 бөлүм тартылган. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында 3, Чүй облусунда 2, Талас облусунда 1, Ош облусунда 4, Жалал-Абад облусунда 3, Ысык-Көл облусунда 5 өрт кырсыгы катталган.
Куткаруу кызматтары тарабынан 4 чыгуу болгон – 2 эшик ачуу, 1 жол кырсыгы, 1 баланын колунан темир шакекти чыгарышкан.

- 11.02.2022