
Ош шаарынын Анар 1-кичи районунда жайгашкан “Олигарх” кафесинин от жагуучу бөлмөсүнөн өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, өрттү өчүрүүгө ӨКМден жалпы беш бөлүм, ККББдан ыкчам топ, штаб жана РЭТ мекемесинен 1 бригада тартылган. Өрт саат 11:50дө чектөөгө алынды.
- 17.01.2022