ӨКМ: Орто-Боз, Рават айылынын тургундары коопсуз жайга эвакуациялана баштады

Орто-Боз, Рават айылдарынын тургундары коопсуз жайга эвакуациялана баштады.

Учурда Баткен облусунун Ак-Татыр а/а Орто –Боз, Жака-Өрүк,Үч-Дөбө Ак-Татыр Ак-Сай а/а Таш-Тумшук айылдарында жергиликтүү тургундарды жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана тургундар жеке менчик унаалары менен эвакуация жүргүзүүдө. Ошондой эле Смаркандек айылында эвакуациялоо жүргүзүлүүдө.

Лейлек району Кулунду а/а Максат, Кулунду, Сада айылдарында жарандардын коопсуздугун сактоо максатында жергилиетүү бийлик тарабынан менчик унаалар менен коопсуз жайга эвакуацияланууда.

Аксай айылына ӨКМдин куткаруучулары жергиликтүү тургундарды эвакуациялоо максатында 4 Камаз, 2 спринтер жана пикап унаалары менен чыгып кетти.


Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.