ӨКМ: кооптуу аймакта жашагандарды көчүрүү уланып жатат

Кыргызстандын аймагында кооптуу аймакта жашагандарды көчүрүү уланууда. Мындай аракеттер март айынын башында башталганы менен учурда дагы деле сел, суу ташкыны жүрүүчү жерлерде жашагандар көп. Мындан улам адистер аймактарда тактоо иштерин жүргүзүшүп, жер көчкү, сел жүрүүчү аймакта күн кечирип жаткандарды убактылуу туугандарынын үйүнө көчүрүп жатышат.

5-апрелдеги тактоо иштеринин негизинде эле Ош менен Жалал-Абадда 12 турак-жайдын тургундарын көчүрүштү. Ош облусун аймагында 6 үй-бүлө, Кара-Алма менен Майлуу-Суудан 8 турак-жайдын жашоочулары көчүрүлдү.

ӨКМдин адистери мындан ары да тактоо иштерин аткарышаарын белгилеп жатышат. Бирок тургундарга эскертүүлөр берилгени менен алар кооптуу жайлардан көчүп чыгышпайт. Мындан улам адам өмүрүнө зыян алып келген учурлар кездешет.

Сүрөттө: Папан аймагындагы жер көчкү

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.