
14-марттан 18-мартка чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу бар. Бул туурасында Кыргызгидромет кызматынан билдиришти.
Маалыматта айтылгандай, жолдор тайгак болуп, муз тоңот:
- Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138 чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-255 чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы);
- Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолунун (Чапчыма ашуусу) 70-75, 86-101 чакырымдарында, Красная Горка-Ак-Таш унаа жолунун 1-4 чакырымдарында;
- Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 55-107-чакырымдарында;
- Казарман-Актал-Чат унаа жолунун 42-44 чакырымдарында (Ийри-Суу тилкеси);
- 60-94 чакырымдарында (Кара-Гөө ашуусу) жана Каракол- Эңилчек унаа 45-48, 65-90 чакырымдарында кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт.
Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл сакталышы зарыл.
- 14.03.2022