ӨКМ кар көчкү түшүү коркунучу бар аймактарды атады

Бүгүн, 18-мартта жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу өлкө аймагында кар көчкү түшүү коркунучу сакталат. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Билдирүүдө айтылгандай, Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138 чакырымдарында, 198-255 чакырымдарында, Суусамыр-Талас-Тараз 1-14 чакырымдарында, Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолунун 68-101, 108-113 чакырымдарында, Красная Горка-Ак-Таш унаа жолунун 1-4 чакырымдарында, Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 55-107-чакырымдарында, Бишкек-Нарын-Торугарт 292-305 чакырымдарында, Казарман-Актал-Чат автоунаа жолунун 42-44 чакырымдарында, 60-94 чакырымдарында жана Каракол-Эңилчек унаа жолунун 45-48, 65-90 чакырымдарында кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт.

Жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык сакталышы зарыл.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.