
Кечээ, 5 май күнү Таджикистан менен Кыргызстандын чек ара аймагында 8 ирет жер титирөө катталды. Анын очогу Тажикстандын аймагында орун алган.
Силкинүүнүн күчү Таджикистан жана Кыргызстан Республикасынын чек ара аймагында 3-6 баллга жеткен. Ош облусунун Чоң-Алай районунун Карамык, Кара-Тейит жана Алга айылдарында 6-баллга чейин, Баткен облусунда 4-4,5 баллга, Ош шаарында 3 баллга чейин сезилген.
Чоң-Алай районунда 357 үй авариялык абалга келип, 300 кожолук чатырларга жайгаштырылды.
[postleft id=’9173′]
Жалпысынан 959 турак-үй изилденип, 106 үй 1-категорияга (көзөмөлгө коюлат, жашоого мүмкүн), 201 үй 2чи, 295 турак 3-категорияга (ремонттолушу керек, жашоого мүмкүн) делсе, 353 үй 4-категорияга, 4 үй 5-категорияга киргизилип, авариялык абалда, жашоого мүмкүн эмес деп табылган. Тактоо иштери уланып жатат.
- 06.05.2017