ӨКМ: 18-мартта өлкө аймагында туруксуз аба ырайы сакталат

Бүгүн, 18-мартта өлкө аймагында туруксуз аба ырайы күтүлөт. Күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, карга айланышы мүмкүн.

Абанын температурасы Чүй облусунда 0…5, Таласда -1…+4, Ысык-Көл облусунда 2…7, Нарында күндүз 1…6 градус болот.

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында күндүз 1…6 градус жылуу болот.

Ал эми Бишкек шаарында күндүз жамгыр аралаш кар жаайт. Абанын температурасы 3…5 градус болот.

Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тайгак болуп, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.