Китеп менен кофени айкалыштырган ишкер. Видео

“Демге-дем” медиа борбору Кыргызстандагы элеттик ишкер айымдардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү максатында атайын репортаждарды даярдады. Долбоордун негизги максаты жашы 40тан илгерилеп  калган ишкер айымдардын кызматын, өз колу менен жасаган буюмдарын же товарларын интернет аркылуу таанылтуу жана жаңы кардарларды табууга көмөктөшүү. Кыргызстандын аймактарында экономикалык оор абалга, чектөөлөргө карабай, элдин жашоо деңгээлин жогорулатууга умтулуп, түрдүү кыйынчылыктарды жеңип, өлкөбүздүн тагдырына кайдыгер эмес,  өнүгүүсүнө салым кошкон айымдардын ийгиликке жетүү жолун баяндайт.

Долбоордун катышуучуларынын бири Нургүл Маткарымова

 

Ысык кофе менен кызыктуу китеп. Кандай гана керемет нерселер. Чарчап турганда мээни эс алдырып, адамдын бүткүл оюн жакшы жака бөлө турган негизги каражаттар. Бирок дайым эле кофе ичкенде китеп табалбайсың, же тескерисинче. Бул жолу болсо, биз сиздерге ушундай мүмкүнчүлүктөрдү жарата алган инсандар туурасында айтып берели дедик.Жалал-Абад шаарында жайгашкан “3722 кафеси”. Бул жерден сиз каалаган ысык кофени жана кызыктуу чыгармаларды бир мезгилде таба аласыз. Китептерди бир эле бул жерден окуп кетпестен, кааласаңыз сатып алуу мүмкүнчүлүгү да бар. Мындай жагымдуу жагдайды Нүргүл Маткарымова  айымдын үй-бүлөсү жаратып отурат.

Нүргүл Маткарымова  -“3722 books” китеп дүкөнүнүн ээси: – Бул жерде ар кандай акциялар болуп турат, ушул жерден каалаган китептерин алып кетсе болот, бул жерде мотивациялык китептер, ал эми жакында Чыңгыз Айтматовтун китептери боюнча сынак болот,  ошого китептерди алып кетишсе дагы мүмкүнчүлүк бар.

Жетекчи айымдын айтымында,“3722 books”китеп дүкөнүн башкалардан өзгөчөлөнттүп, кардарлар үчүн дагы да ыңгайлуу болууну каалаган. Ага ылайык, ал китеп дүкөндү“3722-бургер” тез тамактануучу жайына ачкан. Бул менен кардарлар үчүн ыңгайлуулуктар эки эсе өстү. Келген кардарлар чай же кофе ичип, тамактанганча эле бир чыгарманы окуп койсо болот. Же китеп сатып алганы кирип эле,  чай да ичип кетет.  Атайын эс алууга келген Бактыгүл Төлөгөнованын пикиринде “Бул жай кардарлар үчүн абдан жагымдуу. Китептердин кооздугу өзгөчө.” Ал жаштар үчүн абдан керектүү нерселердин бар экенин белгилеп,  3722 китеп дүкөнунөн  көптөгөн билимдерди алып, ар тараптуу багыттагы китептерди окуп тураарын айтат. Эс алууга келгендердин жаштары ар кандай. Дегеле китеп сүйүүчүлөр  аз эмес. Анын үстүно үй-бүлөсү менен келгендерге ыңгайлуу.                Музыка, кофе жана китеп. Бул ыргактарды бириктирип, мыкты маанайды жаратаарына уюштуруучулар ишенишкен. Нүргүл Маткарымова жашынан китеп сүйүүчүлөрдүн катарында болгон. Кийин уулу чет өлкөгө барып билим алып, иштеп келгенден кийин анын оюнда ушундай бир эс алуу жайын ачуу идеясы келген. Уулу менен апасынын ойлору дал келип, ишкердиктин жаңыча түрүн баштоону бел байлашат.

Нүргүл Маткарымова  “3722 books” китеп дүкөнүнүн ээси:– Негизи китеп дүкөнүн ачууга менин китепке болгон сүйүүм түрткү болду. Мен өзүм негизи китепти жакшы көргөндүктөн ар түрдүү китептерди сатып алып жүрүп анан дүкөн ачкамын. Ушул адамдарды өнүктүрүүгө китептердин салымы абдан зор болот деп дүкөндү иштете баштадым.

Ишкердик кылууну каалагандар ар кандай кырдаалга туруштук берүүсү талап. Өзгөчө ишкердик жаңы ачылган кезде баарысы дурус боло бербейт.

Нүргүл Маткарымова  “3722 books” китеп дүкөнүнүн ээси:   – Алгачкы жолу китеп дүкөнүн ачканда, биринчи убакта, албетте, кыйынчылыктар болгон. Китеп окурмандары кайсы китепти жакшы көрөт аны билбейт элек, кайсы китепке талап көп болот баары убакыт өткөндөн кийин билине баштады. Кайсы китептер, кайсы чаыгармалар жакшы өтөт, кайсы авторлордун чыгармаларына талап жогору ошого карап, кийин китептерди  ала келе баштадык.

Убакыт жана сабырдуулук. Ага кошо  тынымсыз аракеттер ишкердикке болгон көз карашты өзгөртөт. Канчалык кардарлар көбөйүп, китепке болгон кызыгуучулар арта баштаганда, дүкөн ээсинин да ышкыбоздугу, анан изденүүсү артат. Аны менен катар ишкердик жаатында кызматташып жургон өнөктөштөрү  да көбөйүүдө.

Жайнагүл Абирисова –  ишкердик өнөктөштүгү:  – Биз Нүргүл эже менен Жалал-Абад Жаш ишкерлер ассоциациясында таанышканбыз. Биз чогуу ЖИАга бирге мүчөбүз. Мен Нүргүл эжени көптөн бери билемин. Абдан мээримдүү, боорукер жана китепкөй эже, асыл инсан. 

Нүргүл айымдын жашоодо эле эмес, ишкердик жаатында дагы эң жакын адамы, жардамчысы анын уулу. Экөөнүн ишкердик тармагы бөлөк болгону менен , максаттары жана имараты бир. Кичинесинен конок тосууну жактырып, бул жаатта жогорку билим да алган Эдил,  негизги үч өзгөчөлүк менен бул жайды ачкан.

Эдил Камалов – “3722-BURGER”тамактануучу жайынын ээси:  – Биринчиден бул жай жаштар үчүн, экинчиден үй-бүлөлүк да десек болот. Бизде балдар үчүн да аянчалар бар. Мен Москвада иштеп жүрүп бир Акаденовский деген күчтүү ресторатордын рестораны бар. Ал жакта ачык ашкана. Ал дегеним кардарлар, ар кандай тамак түрлөрүн жасап турганын көрүп турса болот. Ошол концепцияны  мен да алдым. Кийин бул жака келип туруп,үй-бүлөлүк кылып, китептерди кошуп анан жаштар үчүн да ыңгайлуу жай болуусун каалап, ушундай жолду тандадык.

Китеп окууга кызыгып, жан дүйнөсүн өзгөртө алган жаштар дагы жок дегенге болбойт. Тескерсинче, соңку мезгилдери китеп окууга кызыккан жаштар өсүп жатканын көрсөк болот. Өзгөчө өзүн-өзү өнүктүрүү максатындагы китептер алардын тандоосунда экенин айтышат.

Жылдыз Маматжанова – эс алуучу: Аябай сонун китептерди окуй алдык деп айта алам. Мен мектепте окуй албаган китептерди ушул жерден окудум. Мисалы “Ойлон-ойгон” жана “Кедей атам жана бай атам” деген  башка дагы көптөгөн китептерди бул жерденокудум.

Таңсулуу Айтбаева – эс алуучу: Бул жерде негизинен конкурстар болот, ар түрдүү китептер бар. Азыркы учурда Чыңгыз Айтматовтун чыгармалары туурасында сынак болуп жатат. Бул жерден анын китептери көп. Кааласак  томдук жактан кааласак жеке жашоосунан алсак болот. Анан мен көбүнчө дүйнөлүк жана диний китептерди окуймун.

Кошумча бул жайда спирттик ичимдиктери сатылбайт жана ичилбейт. Аталган жайдын ээлери да диний инсандар болгондуктан, сабаттуу диний жаатындагы китептер да сатылат. Ийгиликтүү ишкердик жасоо үчүн негизинен изденүү. Дагы да изденүү жана эмгек керектигинин натыйжасында баары мыкты болоорун Нүргүл Маткаримовадай айымдар далилдеп келет. “Демге- дем” медиа борбору болсо ошондой күчтүү айымдарды коомго ачуу менен бирге башкаларга да сабак болуусун максаттайт.

«Бул макала «Элеттик аялдардын экономикалык мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу максатында журналисттер менен аялдардын биригүүсү» долбоорунун алкагында Кыргыз Республикасындагы АКШ Элчилигинин Демократиялык Комиссиясынын каржылык колдоосу менен даярдалган. Бул жерде келтирилген сунуштар, корутундуулар жана пикирлер, авторлордун оюн гана билдирет. АКШ мамлекеттик департаментинин көз карашына дал келбеши мүмкүн»

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.