Китеп-билим булагы.Чоң-Алайдын жайлоолорунда жүргөн балдарга акысыз китептер таратылды

Чоң-Алай районунун жайлоолорунда жүргөн энелерге жана мектеп жашындагы балдарга “Бир өлкөнүн өнүгүү тарыхы” деген китептер таратылып берилди. Бул тууралуу “Ынтымактын” аймактык кабарчысы маалымдады.

Аталган китептер Чоң-Алайлык демөөрчүлөр Акынбек Эргешов, Шамшы Эргешов жана Карыбек Орозовдордун эсебиен райондун жайлоодогу жарандарына берилди.

Китеп таратууну Чоң-Алай райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Пазыл Бактыбаев демилгелеген. Балдардын каникул убагында китеп окуп, билимге сугарылуусу маанилүү экендигин эске алган демилгечи менен демөөрчүлөр китептерди жайлоого өздөрү алып барып таратышты.

“Райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы эмгек өргүүсүн пайдалуу жумуш менен айкалыштырууну максат кылды. Ал жайлоолорго өзү барып, ата-энелер жана балдар менен баарлашты. Анда китеп окуунун пайдасы, үйлөргө китеп текче уюштуруу тууралуу сунуштарын айтып, китеп окуу боюнча үгүттөдү. Акысыз китептерге ээ болгон жайлоонун жашоочулары демилгени кубануу менен кабыл алышып, барган конокторго ыраазычылык билдиришти”,-деп айтылат маалыматта.

Чоң- Алай районунун калкынын 7%ы жай мезгилинде мал-жандыгын алып, балдары менен жайлоого 3 айга чыгып кетишет.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.