Кикбоксинг боюнча курама команда Дүйнө чемпионатында үч медаль утту

Кыргызстандын курама командасы кикбоксинг боюнча Дүйнө чемпионатында бир күмүш, эки коло медаль алды. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Анда маалымдалгандай, мелдеш 15-24-октябрь күндөрү Италиянын Езоло Либо шаарында өттү. Чемпионатка 50дөн ашуун мамлекеттин спортчулары катышты.

63,5 кг салмак категорияда Икбол Фозилжонов күмүш медалга ээ болуп, дүйнөнүн сегиз мыкты спортчусунун катарына кирди.

Ал эми Алексей Федосеев лоу-кик түрү боюнча коло медалга ээ болду. 63 кг чейинки салмак категорияда Чыңгыз Бегматов кик-лайт түрү боюнча коло медаль алды.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.