
Казакстанда эмки жылдан тарта “Kids go” акысыз программасы иштей баштайт, ага ылайык 2 жаштан 14 жашка чейинки балдар акысыз учушат, деп жазат өлкөнүн Курсив сайты.
Программаны 2022-жылдын 1-январынан тарта ишке киргизүү пландалууда. Авиабилеттердин наркы мамлекет тарабынан субсидияланат, бирок туристтик өнүмдүн бир бөлүгү катары сатылып алынган билеттерге гана акча кайтарылып берилет. Бир ата-эне (же тууганы) экиден ашык баласын ала албайт, барган жерде кеминде беш күн боло алышат.
Аталган программа Алакөл, Балхаш, Бурабай, Баянаул, Түркстан, Мангистау, Байконур, Алматы областы, Имантау-Шалкар курорттук зонасы жана Нур-Султан сыяктуу багыттарга гана билеттерди камтыйт.
Эгерде туристтер кандайдыр бир окуяны – семинарды, көргөзмөнү, конференцияны өткөрүү үчүн барышса, борборго билеттер субсидияланат.
автор: DZh
- 02.06.2021