
Бейшембиге караган түнү Украинанын бир нече аймагында аба соккусу боло турганын эскерткен сиреналар жаңырды.
Жергиликтүү булактар бомбалоо күчөгөнүн билдиришүүдө. Киевде түнчүндө катуу жардыруулар болду.
Харьков облусуна караштуу Изюм шаарында снаряддан 8 киши өлдү, арасында балдар да бар. Бул тууралуу УНИАН агенттиги шаар администрациясынын башчысынын орун басары Владимир Мацокинге шилтеме берүү менен маалымдады. Анын айтымында, снаряд Украинский көчөсүндөгү үйгө тийген. Мацокин полиция имараты да чабуулга кабылганын, шаардын борборунда талкаланган имараттар бар экенин айтты. Бул маалыматты көз карандысыз булактардан тастыктоого мүмкүн боло элек.
Харьковдун өзүндө тарых жана архитектура эстелиги, чиркөө аткыланды. Храмдын ичиндегилер жабыркаган жок.
- 03.03.2022