
Футбол азыр Кыргызстанда аябай жайылып баратат. Жумасына бир-эки жолу топ тээп, эс алган достор же кесиптештер четтен табылат. Суроо-талапка жараша кичи футбол аянтчаларынын да саны арбып барат. Мындан улам минис футбол ачуу боюнча бизнес идея келечектүү десек болот. Эгер ишкердиктин бул түрүн бардык муктаждык, эсеп-кысапты эске алып ачса, анда ал туруктуу негизде ири киреше алып келе алат.
“Бизнес башта” программасы бул жолу кичи футбол талаасын ачуунун сырларына токтолду. Ишкердиктин бул түрүнө канча капитал керек, эмне тобокелдиктери бар?
- 17.04.2017