Кенжебаева: төрөт көп болгону менен эне-баланын ден-соолугу начар болууда

Ош облусунда быйыл 9 айдын жыйынтыгында 35 миңден ашуун төрөт катталган. Бирок, энелердин 40 пайызы түрдүү оорулар менен төрөп жатат. Бул туурасында Ош облустук төрөт стационарынын башкы дарыгери Гүлбара Кенжебаева билдирди.

“Төрөттүн саны өсүп жаткандыгы жакшы. Бирок ошол эле учурда кемчиликтер, көйгөйлөр көп. Алсак, болочок энелер ден-соолугуна жетиштүү деңгээлде кам көрүшпөйт. Туура тамактанып, керектүү витаминдүү азыктарды колдонушпайт. Азыркы тапта, энелер арасында аз кандуулук, кан басымынын төмөн же жогору болуусу, кант диабети, бөйрөк оорулар көп кездешип жатат”- деди Кенжебаева.

Андыктан адистер ар бир ата-энеге үй-бүлөнү пландаштырууну сунушташат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.