Кечиккен жаз дыйкандардын кирешесин азайтат

Ош облусунда жазгы талаа иштери 20 күнгө кечикти. Мунун айынан бир жылда эки түшүм алган дыйкандар зыянга учурашы мүмкүн. Бул тууралуу  өкмөттүн Оштогу өкүлчүлүгүнүн регионалдык бөлүмүнүн жетекчиси Раимберди Мөнөкбаев “Ынтымакка” билдирди.

Анын айтымында, кечиккен жаздан канча чыгаша болору азырынча белгисиз. Өткөн жылы февралдын этегинде дыйкандар алгачкы эгиндерин эгип бүтүп калышса, бул жылы марттын орто ченине барып араң эгишти.

“Өзгөчө Араван районунда жагы талаа иштери кеч калды. Жаан-чачын көп болду. Эми май айында аба ырайы жакшы болсо,  эгинди тезирээк эгүүгө аракет кылабыз. Дыйкандар да кыйналышты, эми талаага чыкканда эле жаан жаап жатат”,- деди Мөнөкбаев.

Учурда жазгы талаа жумуштары 27 пайызга эгилди.  Облус боюнча калктуу конуш жашаган аймактарда 185 миң 302 гектар жер аянты бар.

Ал кошумчалагандай, бул жылы облуста 5 миң гектарга арпа көп эгилди. Ошондой эле беде менен пахта аянты кеңейди.

Сүрөт: Азаттык

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.