Кечээ Кыргызстанда алты жер көчкүсү катталды. Кырк үй-бүлө көчүрүлөт

Жер көчкүнүн бешөөсү Жалал-Абад олбусунда, бирөө Оштун Өзгөнүндө катталды. Кырсык 40тай үй-бүлөгө коркунуч жаратууда. Аларды коопсуз жайга көчрүү боюнча ӨКМ жергиликтүү бийликке эскертүүлөрдү берди. 

ӨКМ билдиргендей, Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунун Көк-Арт айылында 11-апрелде көлөмү 7,5 миң метр куб жер көчкүсү түштү. Жабыркагандар жана кыйлоор жок. Бирок көчкү турак-жайлардан 50 метр аралыкта токтоп турат. Бир үй-бүлөнү көчүрүү боюнча жергиликтүү бийликке эскертүү берилди.

Ушул эле райондогу Карынген айылында кечээ саат 16:00 чамасында 14700 метр куб жер көчкү түштү. Ал 18 үйдөн 300 метр аралыкта токтоду.  Тургундарды көчүрүү боюнча тапшырмалар берилди.

Ушул эле убакта Базар-Коргон районунун Арсланбап айылында көлөмү 7,2 миң метр куб жер көчкү түшүп, 9 үйгө 150 метр жетпей токтоду.  Ушул  эле айылда “Арстанбап” пансионаты жакта көчкү катталды, электр чубалгылары үзүлгөн.

Кечээ чак түштө Майлуу-Суу шаарында көлөмү 6 миң метр куб жер көчкү жүрүп, 10 турак үйгө 150 метр жетпей токтоду. Аскерлердин көмөгү менен 10 кожолуктагы тургундр  туугандарынын үйүнө көчүрүлдү.

Ош облусунун Өзгөн районундагы Зергер айылында кечээ саат 10:00 чамасында көчкү түштү, 9 үйгө коркунуч жаратууда.

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.