Кеңештеги кең талаа сууга муктаж

Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Кеңеш айыл аймагында жайгашкан дыйканчылыкка ыңгайлуу, күнөстүү жерди ишке киргизүү үчүн долбоор жазылып, айылдыктарга төрт миллион сом өлчөмүндөгү сумма бөлүнүп берилген. Бирок долбоорду утуп алган компания белгиленген мөөнөттө жыйынтык көрсөтө алган жок. 

Аталган айылдагы талаага сугат суунун жоктугунан көп жылдардан бери арпа гана эгилип келет. Дыйкандардын айтымында, суусап, кагырап турган жерде акыркы жылдары арпа дагы жакшы түшүм бербей калган.

Мындан улам талааны дыйканчылыкка колдонуу максатында долбоор ишке ашып, курулуш жүргүзүү үчүн тендерди “Уют” аттуу компания утуп чыккан. Бирок аталган компания иштин 20%ын аткаргандан кийин жумушту токтотуп койгон.

”Суу маселеси чечилсе бул талаа гүлдөп, элге бир топ пайда алып келет эле, бирок долбоорду жеңип алган фирма 4-5 баланы алып келип койду. Ошо менен эч кимди көргөн жокпуз. Андыктан, өзүбүз эле суу чыгарганга жапа тырмак кириштик ”-дешкен айылдын тургундары учурда суу тартып келүүнүн аракетин көрүшүүдө. Ар бир үй-бүлөдөн бирден эркек адам дамба курууга чыгып, жаңы жылга чейин курулушту бүтөрүп алуунун аракетин көрүп жатышат.

Эмне үчүн ишти кечиктиргенине так жооп берүүдөн баш тарткан компания 2018-жылдын март айында курулушту толук бүтөрүп, тапшырууга сөз берди.

Сүрөт: Интернет

Текст: Таңкыз Эргешбаева

Бегимай Асанова

Оператор- монтажёр: Аъзам Бузриков

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.