“Казактын” үстүнөн дагы бир арыз түштү

Ош шаарында “Казак” каймана аты менен белгилүү болгон жарандын үстүнөн дагы бир арыз түштү. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, шектүүнүн үстүнөн Ош шаарынын тургунунан арыз келип түшкөн. Арызда 16 жаштагы кызды шектүү күч колдонуп, Ош шаарынын Манас-Ата кичи районунда зордуктап койгону жазылган. Бул факты боюнча дагы кошумча териштирүү иштери башталган.

Эске салсак, шектүү буга чейин 23 жаштагы жаранды миздүү нерсе менен желкесине жана оң каруусуна сайып, андан ары изин жашырып качып кеткен жеринен кармалган.

Кимде-ким жогорудагы кылмышка шектүүдөн жабыр тарткан болсо, Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын криминалдык милиция кызматына байланышууну милиция кызматкерлери өтүнөт. Байланыш телефону: 03222-2-46-78

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.