Казакстандын тургуну өзүн жана эки баласын өрттөдү

Казакстанда ата өзүн жана эки баласын өрттөп каза болду. Бул тууралуу Tengrinews.kz маалымдады. Маалыматта окуя Отеген- Баатыр айылында жүз бергендиги айтылат.

Өрт 19-декабрдан 20сына караган түнү Титов көчөсүндө жайгашкан жатаканада болгон. Такталган маалыматтарга караганда, аялы менен күйөөсү ажырашып, 2005-1999-жылы туулган балдары апасында калышкан. Ал эми атасы Байсерке айылында жашап, кырсык болгон күнү балдарына келген ата белгисиз себептерден улам өзүнө бензин чачып өрттөп салган. Бөлмө кичинекей болгондуктан, тез эле өрт жайылып, кошуналардын чакыруусу менен келген өрт кызматкерлер отту өчүрүп, жабыр тарткандарды бөлмөдөн алып чыгышкан.

Натыйжада 1973-жылы туулган эркек киши жана анын уулу каза болушкан. Өрт күч алган маалда аялы үйдөн качып чыкканга үлгүрүп, ал эми кызы алган күйүктөн улам ооруканага жеткирилип, бирок 20-декабрда каза болгон.

Бул фактынын негизинде “Киши өлтүрүү” беренеси боюнча иликтөө башталды.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.