Казакстандын мурдагы коргоо министри эки айга камалды

22-февралда Казакстандын мурдагы коргоо министри Мурат Бектановдун бөгөт чарасы каралып, ал эки айга камакка алынды.

Экс-министр 20-февралда кармалган. Ал январь окуяларында кызматта туруп “эч кандай аракет кылган эмес” деп айыпталууда.

Бектанов коргоо министри кызматына 2021-жылы августта — Жамбыл облусундагы курал-жарак сакталган кампадагы адам өмүрүн алган жарылуудан кийин дайындалган. Быйыл 19-январда ал өлкө президенти Касым-Жомарт Токаевдин жарлыгы менен иштен алынган.

Казакстандагы нааразылык толкуну быйыл 2-январда Маңгыстау облусундагы жана Жаңы-Өзөн шаарындагы суюлтулган газдын баасын арзандатууну талап кылган митингдер менен башталган. Кийин саясий өңүт алган акциялар Алматыда ири башаламандык менен коштолгон.

Расмий маалыматтарга ылайык, январь окуялары учурунда 227 киши каза болгон.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.