Казакстандан 50дөн ашык тажикстандык мигрант депортацияланды

Казакстан миграциялык мыйзамдарды бузган Тажикстандын 50дөн ашык жаранын мекенине депортациялады. Бул тууралуу “Озоди” радиосу өз булактарына таянып кабарлады.

Тажикстандын Бахтиёр аттуу жараны “Озоди” радиосуна Алматы шаардык сотунун алдында сот чечимин күтүп турган тажик жарандарынын видеосун жөнөткөн. Анын айтымында, бул шаарда жалпысынан Тажикстандын 80ден ашык жараны кармалган.

“Бардык документтерибиз бар экенине карабастан, сот бизди депортациялоо тууралуу чечим чыгарды. Менин Казакстандын аймагына кирүүмө 5 жылга тыюу салышты. Үч күндүн ичинде сот 50дөн ашык тажик жаранын допортациялоо чечимин чыгарды”, – деди Бахтиёр.

Казакстандагы тажик диаспорасынын төрагасы Шакарбек Норматов полициянын рейддери маалында тажикстандык мигранттар кармалганы тууралуу кабары бар экенин билдирди.

“Буга чейин бийлик мыйзамсыз жүргөн мигранттарды аныктоо боюнча рейддер болорун баарына эскерткен. Тилекке каршы, айрым мекендештерибиз тиешелүү документтерди топтоого шашылбай, Казакстандын миграциялык мыйзамдарын бузуп жатышат. Мен билгенден каттоого турбаган жана иштөөгө уруксат албаган бир нече мигрантка айып пул салынып же депортацияланды”, – деди Норматов.

Казакстанда 4-марттан тарта чет өлкөлүктөр менен жарандыгы жок адамдарга убактылуу же туруктуу жашап турууга уруксат берүү эрежелери өзгөргөн.

Казак бийлигинин маалыматына караганда, 2021-жылы Казакстанга иштөө үчүн Тажикстандын 40 миңден ашык жараны барган. Өлкөнүн миграциялык мыйзамдарын бузганы үчүн алардын 2 миңден ашууну депортацияланган.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.