Казакстандагы кенчилер иштерин таштап, жер астына кирип кетишти

Казакстанда 11-декабрь таңга маал иш таштаган “АрселорМиттал Темиртау” ишканасынын кенчилери жер астынан чыга элек. Компания алардын иш-аракетин мыйзамсыз деп табууну өтүнүп сотко кайрылганы казак кызматы тарабынан белгилүү болду

Караганды облусундагы бул металлургиялык ишкананын төрт шахтасында 700дөй киши иш таштап, кенден чыкпай коюшкан. Алар айлыкты 100% көтөрүү, пенсияга 50 жаштан чыгаруу жана башка талаптарды коюшууда.

Буга чейин “АрселорМиттал Темиртаунун” жетекчиси Парамжит Калон мындай жол менен жумушчулардын маселеси чечилбесин, кенчилер жер үстүнө чыкканда гана талаптарын талкуулай алаарын билдирген.

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.