Казакстандагы башаламандыкта 225 адам каза болду

Казакстандагы башаламандыкта 4,5 миңден ашуун киши жабыркап, 225 адам каза болгон. Бул тууралуу ТАСС агенттиги жазды.

Маалыматка ылайык, жабырланучулардын жалпы саны 4 миң 578ди түзүп, анын 4 миң 353ү жараат алган. Алардын катарында 3 миң 393 полиция кызматкери бар.

“Өзгөчө абал учурунда өлкөнүн өлүкканаларына каза болгон 225 адам жеткирилген, алардын ичинде 19 полиция жана аскер кызматкерлери. Каза болгондордун айрымдары ““террордук чабуулдарга катышкан, имараттарга жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерине кол салган куралдуу бандиттер”, – деп айтылат маалыматта.

Казакстандын Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, каза болгон 225 адамдын 175и медициналык мекемелерде жан берген.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.