Казакстанда жаңы үч облус түзүлөт

Казакстанда жаңы үч облус түзүлөт. Чыгыш Казакстан облусунун Семей аймагында Абай облусу, Караганды облусунун Жезказган өрөөнүндө Улытау, Алматы облусунун аймагында Жетисуу облусу пайда болот.

Абай облусунун борбору Семей, Улытау облусунун борбору Жезказган, Жетисуу облусунун борбору Талдыкорган шаары болот.

Бул тууралуу 16-мартта Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев билдирди:

“Семей аймагында Абай облусун түзүүнү сунуштайм. Семей шаары жаңы облустун борбору болот. Бул маселени аймак тургундары көптөн бери айтып жүргөнүн билем. Азыр ал жакта чечилбеген көйгөйлөр көп. Маселен, аймактын ички инфраструктурасы абдан эскирген”, – деди Токаев.

Ал Жезказган өрөөнү жөнүндө айтып жатып, “бул аймакта өз алдынча облус түзүү экономикалык гана эмес, руханий жактан да маанилүү чечим экенин” билдирди. Токаев Алматы облусун экиге бөлүү планы Алматы шаары өтө чырмалышып кеткени менен түшүндүрдү.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.