
«Кавак» улуттук компаниясы» ачык акционердик коому түзүлдү. Тийиштүү чечимге Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.
«Кавак» улуттук компаниясы» ачык акционердик коому Кара-Кече жана Миң-Куш кендерин натыйжалуу иштетүү тутумун уюштуруу максатында түзүлгөн.
Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд уставдык капиталы 1 000 000 (бир миллион) сом өлчөмүндө аныкталган «Кавак» улуттук компаниясы» ААКтын уюштуруучусу катары саналат.
Буга байланыштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондуна төмөнкүлөр тапшырылды:
«Кавак» улуттук компаниясы» ААКтын уставын бекитсин жана «Кавак» улуттук компаниясы» ААКты Кыргыз Республикасынын юстиция органдарында мамлекеттик каттоо жүргүзсүн;
– баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда «Кавак» улуттук компаниясы» ААКтын уюмдаштыруу чыгарылыштагы акцияларынын мамлекеттик каттоосун камсыз кылсын.
- 10.03.2022