Касымбай Жолдошов согушта алган эки таберикти 74 жылдан бери сактап келет

Согуштун ардагери Касымбай Жолдошов апаат учурунда алган эки таберикти 74 жылдан бери сактап келе жатат. Анын бири кемпиринен алган жүз арчы болсо, экинчиси – кур.

Жүз арчысын 1950-жылы согуштан кайтып келгенде байбичеси белек кылган. Азыр анысы жыртылып, эскилиги жетсе да ыргытпайт. Анткени ардагер анда кемпири экөөнүн жашоосун эстетип турган элестер көз алдына тартылып турарын белгилейт.

Эң баалуу болгон жүз арчысын ардагер согушта жүргөндө байбичеси токуп, амандыгын тилеп катып жүрөт. Белегин берүү үчүн байбичеси абышкасын сегиз жыл күткөн. Акыры эңсеген күнү келип, жүз арчыны 1950-жылы берет.

“Жүз арчыны алганыма 67 жыл болду. Азыр ар жеринен жыртылып, тытылып да калды. Бирок муну эч кимге карматкым келбейт. Ардактап сактап жүрөм. Анткени мында байбичемин жыты сакталып калган”,-дейт ардагер Касымбай Жолдошов.

Ардагердин дагы бир баалуу белеги  – кур. Аны 1943-жылдан бери сактап келет. Курду Касымбай аксакал фронтто жүргөн кезинде досу Айдар Исаковдон алган. Ошол учурда согуштан ким аман кайтса беребиз дешип согуштагылар бири-биринин курун алмашышат. Бирок досу Айдар Исаков окко учуп, дайыны чыкпайт.

“Согушка барарыбызда аман кайталы деген тилек менен курларыбызды алмаштырчу элек. Ошондо досум Айдар Исаков экөөбүз курларыбызды бири-бирибизге бергенбиз. Курду мен 74 жыл бери сактадым. Жеңиштин 70 жылдыгында гана досумун жакындарын жолуктуруп калып, аны туугандарына өткөрүп бердим”,-деп белгилейт Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Жолдошов.

Ардагердин досунун туугандары курду алганда эскилиги жетсе да аны сактап жүргөнүнө таң калышат.

“Балдарым жаңы кур алып берели, эскини колдонбоң деп көп айтышат. Бирок мен досумунун курун тагынбай калсам , Айдарды эстеп ыйлагыдай боло берем. Ошондуктан аны үзбөй тагынып жүрчүмүн”,-деп айтып отурду аксакал.

Касымбай Жолдошов 1943-жылы 17 жашында согушка чакырылган. Эки жыл Алыскы Чыгышта согушка даярданат. Калган 6 жыл бою Кытайдын шаарларында артиллериячы болуп жүргөн. Аксакал согуштун эң оор күндөрүн такыр эсинен чыгарбайт. Согуштан аман келип, бир уул, бир кыздуу болгон. Учурда 92 жашты таяса да, алдуу-күчтүү. Көз айнексиз китептерди окуп, бирөөнүн көмөгүсүз эшикке өзү чыгат. Ар дайым неберелерине акыл-насаатын айтуудан тажабайт.

“Биз бактылуубуз деп айтсам болот. Мен чоң атам менен сыймыктанам. Бизге ар дайым согуштагы кыйынчылыктарды, баштан өткөнгөн күндөрүн айтып берет. Ошондой эле мекенге кызмат кылуу керектигин эстетип турат”,-деди небереси Медербек Касымбаев.

Ардагерди өзү окуган мектепте чакырып турушат. Мектепте окуучулар менен жолугуп, согушта кечирген күндөрү тууралуу айтып берет. Бул жолку жолугушуусунда болсо “Куралдаш досторума” деп жазган ырын буклетке чыгарып, мугалимдерге жана окуучуларга эстелик кылып, белекке тартуулады.

Ноокаттын Шаңкол айылынын эң карысы жана сыймыгы Касымбай Жолдошов 1925-жылы туулган. Учурда анын 1 кыз,16 небере жана 45 чебереси бар.

 

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.