Кашкар-Кыштактан Сирияга кеткен 54 кишинин дайыны белгисиз

Кара-Суу районунан Сирияга кеткендердин төрттөн бири Кашкар-Кыштак айылынын тургундары. Согуш талаасына бул жактан кеткен 54 адамдын дайыны жок. Бул тууралуу Кашкар-Кыштак айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Матазим Абдылбаев билдирди.

Анын айтымында кабары жок болуп жаткан адамдардын арасында 17 жашка толо элек 8 өспүрүм дагы бар. Сирияга кеткендердин туугандарынын алды үч жылдан бери күтүү менен жашап келишет.

“Биздин аймактан Сирияга кеткендердин саны токтобой жатат. Азгырылгандарга бөгөт коюу үчүн УКМКнын Кара-Суу райондук башкармалыгы менен Кашкар-Кыштак айыл өкмөт өкүлдөрү биргеликте иш чара уюштурдук. Мектеп окуучулары “Терроризмге каршыбыз!” деген чакырыктар менен үгүт жүрүшкө чыгышты”,-деп белгиледи Абдылбаев.

Эми ушундай эле иш чара райондун бардык айыл аймактарында жүргүзүлөт. Мындан сырткары мобилдик топтор түзүлүп, алар сыртка кеткен жарандар тууралуу кабар алып турушат.

Күч кызматындагылардын айтымында,Кара-Суу району боюнча Сирияга кеткендердин саны 200 адамды түзөт.

УКМКнын расмий маалыматы боюнча, өлкөдөн 2013-жылдан бери 600дөй жаран Сириядагы согуштук аракеттерге кетип, 70ке жакыны ошол жактан каза тапкан.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.