Каржысы тартыш, көйгөйү көп айыл өкмөттөр

Ар бир жылдын башында айыл өкмөттөрдүн бюджети аныкталып, ага жараша аткарыла турган иштер тизмектелет. Бирок, каражаттын жетишсиздигинен улам бардык көйгөйлөрдү чечүү мүмкүн эмес.

Өлкө боюнча жалпы 453 айыл өкмөт болсо, анын 83 пайызы дотацияда. Мындан улам аймактардагы жол салуу, билим берүү, саламаттыкты сактоо мекемелерин оңдоп-түзөө жана ичүүчү суу менен камсыздоо сыяктуу жумуштар толук аткарылбайт. Экономика жаатындагы серепчилер инвестиция тартып, өнөр жай тармактарын түзүү аркылуу жергиликтүү казынаны толтуруп, маселелерди жоюуга болорун айтышууда.

Ош облусунун Төлөйкөн айылында таза суу чыкпайт. Айыл тургуну Жамила Оморованын айтымында, жергиликтүүлөр тамак-ашка агын суудан пайдаланышат. Канал дагы айыл четинде жайгашкандыктан, андан суу ташып келүү өзүнчө көйгөй. Ошондуктан мүмкүнчүлүгү жеткен кожолуктар короолоруна суу сактоочу кампа курдуруп алышкан. Атайын техника 7 тонна сууну миң сомдон алып келип берет. Аны мал-жандыкка, өсүмдүктөрдү сугарууга чейин колдонушкандыктан бир айга дагы толук жетпейт.

Жамила Оморова – Төлөйкөн айылынын тургуну

4 800 калкы бар айылга ичүүчү суу тартылбаганына 50 жылдан ашты. Айыл өкмөт башчысы Зулпукар Мазаевдин айтымында, маселени чечүүгө жергиликтүү бийликтин чамасы жетпейт. Анткени Төлөйкөн айыл өкмөтү дотацияда. Жети айылды бириктирген айыл аймактын жылдык кирешеси 18 миллион сом. Бул каражат социалдык-экономикалык майда жумуштарды аткарууга жумшалып, ири долбоорлорду аткарууда тартыштык жаралууда.


Зулпукар Мазаев –
Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн башчысы

“Төлөйкөн айыл өкмөтү боюнча жети айыл болсо, анын бешөөнө таза суу тартылган. Эки айылда жок. Бул маселе жыл сайын аткарылуучу жумуштардын сап башында турат. Бирок, 1-2 миллион сомду коротуп аткара койчу жумуш эмес. Төлөйкөн айылына таза суу чыгаруу боюнча долбоор даярдап, керектелчү каражаттын көлөмүн эсептеп чыктык. 94 миллион сом керектелет экен. Айыл өкмөттүн бул жылга карата бюджети 18 миллион сом деп бекитилди. Мамлекеттен кошумча 4 миллион сомдой бөлүнөт. Ошондо да зарыл болгон акчанын үчтөн бирин каптабайт”,- деди Зулпукар Мазаев.

Ош облусунун Араван районуна караштуу Гүлбар айылында дагы ичүүчү суунун жоктугу башкы көйгөй. Жергиликтүү тургундар бардык керектөөлөрүнө сууну Араван каналынан ташышат. Айыл тургуну Тынчтыкбек Мадумаров буга чейин жергиликтүү бийликке бир канча жолу кайрылып, майнап чыкпаганын билдирди.

“Союз мезгилинен бери ичүүчү суу чыгаруу боюнча жумуштар жүргөн эмес. Түтүктөр эскирип, чирип кеткен. Каналда суу токтоп калса, сатып алып ичебиз. Бир чака таза сууну 10 сомдон сатып келишет. Ал эмнеге жетмек эле. Автоунаасы барлар Ош шаарынан же райондун борборунан ташып алышат. Калгандарына кыйын. Ошондуктан биздин айылда дагы таза суу чыгып калса жакшы болмок”,- деди Мадумаров.

Айыл аймактын башчысы Рахманали Эшматов буга чейин кичи долбоорлордун алкагында айылга скважиналар курулганын билдирди. Бирок жер астынан ичүүгө болбой турган шор суу чыккан. Натыйжада алыскы аймактардан таза суу тартып келүүгө ири көлөмдөгү каражат табуу зарылдыгы жаралды. Анын үстүнө жергиликтүү бийликтин өзүнүн чамасы жетпейт. Быйылкы бюджеттин көлөмү 16 миллион сомду түзгөн. Бул каражат билим берүү мекемелерин жылытууга, жарыктандырууга жана жол оңдоого сарпталат.

Ошондуктан айылды таза суу менен камсыздоого Дүйнөлүк Банкка долбоор жазышып, каржылык колдоо ала турган болушту. Учурда керектүү документтер даярдалып жатат.

Облус боюнча үч эле айыл өкмөт өзүн-өзү каржылайт

Ош облусундагы 88 айыл өкмөттүн 85и дотацияда. Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Уристем Манаповдун айтымында, дотациядын чыккандардын бюджети Кара-Суу базары жана цемент заводдордон түшкөн салыктан толукталып турат. Ал эми калган айыл аймактар шарты катаал, айдоо аянттары аз жана өндүрүш ишканалары жок болгондуктан бюджети тартыш. Ошондуктан аймактарда таза суу көйгөйүнөн тышкары жол оңдоо, жарыктандыруу, социалдык мекемелерди оңдоп-түзөө сыяктуу маселелерди чечүүгө айыл өкмөттөрдүн күчү жетпейт.


Уристем Манапов – Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары

Мамлекеттик бюджеттен бөлүнгөн каражат дагы аймактардагы чыгашаларга жетпейт

Жыл сайын мамлекеттик казынадан республика боюнча бардык айыл өкмөттөрдүн керектөөлөрүнө кошумча каражат берилет. 2019-жылы 2 млрд 700 миң сом, 2020-жылы 3 миллиард сом бөлүнгөн. Быйыл каражаттын көлөмү азайып, 2 милилард 200 миң сомду түздү.

Акча ар бир айыл өкмөттүн  минималдуу чыгашасына жетерлик берилет. Мисалы, бир айыл аймактын чыгашасы 20 миллион сом, кирешеси 15 миллион сомго жетсе, мамлекеттик бюджеттен 5 миллион сом каралып, теңдештирилет.

Ошондуктан жергиликтүү жана мамлеккеттик бюджеттен бөлүнгөн акчаны кошкондо дагы аймактардагы социалдык-экономикалык жумуштар толугу менен бүтпөй келүүдө. Финансы министрлигинин өкүлү Сыймыкбек Нурунбетов мамлекет мүмкүнчүлүгүнө жараша колдоо көрсөтөрүн билдирди.

Бул жылы жергиликтүү башкаруу органдарына каралган сумма көбөйбөгөнү менен ар бир райондо өнүктүрүү фонддору түзүлө турган болууда. Буга чейин кен иштеткен 10 райондо фонддор бар болчу. Аларда жылына 10 миллион сомго жакын каражат топтолот. Эми республиканын калган 30 районунда дагы аймактарды өнүктүрүү фонддору иштеп баштайт.

“30 райондо фонд ачуу үчүн мамлекеттик казынадан жалпы 819 миллион сом бөлүнөт. Бөлүнгөн акча экономикалык долбоорлорду колдоого жумшалат. Ар бир фонддо район акимдери төрагалык кылып, кошумча атайын дирекция түзүлөт. Алар айыл өкмөттөр сунуштаган долбоорлорго анализ жасап, зарыл болгон жумуштарга каражат бөлүштүрүлүп турат”,- деди Нурунбетов.

Мындын тышкары, быйылкы жылдан аймактардагы мамлекеттик ишканалардын электр энергиясына кеткен чыгымдары республикалык бюджеттен төлөнө баштайт. Финансы министрлигинин эсептөөсүнө ылайык, жалпы 40 райондогу мекемелердин чыгашасы 8 миллионго чамалайт. Төлөмдөрдү буга чейин жергиликтүү башкаруу органдары айыл өкмөттөрдүн бюджетинен чегерип келген.

Жергиликтүү бюджеттин жетишсиздигине себептер. Кырдаалдан чыгуу сунуштары

Экономика жаатындагы серепчи Кубанычбек Идиновдун пикиринде, өнөр жай тармактарын түзүп, иштетүүгө кадрлар жок болсо жана кошумча каржы булактарын табууга аракет көрүлбөсө жергиликтүү бюджет толукталбайт. Ошондуктан жер-жерлерде инвесторлорду тартып, кайра иштетүү ишканаларын ачуу зарыл. Мында жергиликтүү тургундар да жумуш менен камсыз болуп, киреше дагы артат. Маселен, айыл аймактарда бош калган имараттар бар. Аларды оңдоп-түзөөдөн өткөрүп, кыз-келдиндерге тигүү цехтерин ачса болот.


Кубанычбек Идинов

“Мындан тышкары, айыл өкмөттөрдүн деңгээлинде жаштарга финансылык сабаттуулук боюнча окуу курстарын уюштурууну сунуштайм. Аларга банктардан алган кредиттерди ишкерликте колдонуу тартиптери, инвестиция тартуунун жол-жоболору сыяктуу тажрыйбаларды жайылтуу керек. Ошондой эле мамлекеттик банктардын алыскы аймактарда бөлүмдөрүн көбөйтүп, ишкерликти баштоого жеңилдетилген насыя берүү шарттарын түзүп берүү маанилүү”, – деди Кубанычбек Идинов.

Улуттук Бизнес Ассоциациялар альянсынын башчысы Искендер Шаршеев эң алыскы, четте жайгашкан айыл аймактарда дагы өндүрүш тармагына жарамдуу ресурс, сырьёлор бар экендигин билдирди. Бирок, ал ресурстарды туура колдонуп, ишкана куруу боюнча билим, тажрыйбанын жоктугу башкы кесепеттердин бири. Бул боюнча жеке бизнес ассоциациялар, эл аралык уюмдар окутуу, вебинарларды уюштурушууда. Ага кошумча мамлекеттик деңгээлде да ири программаларды ишке ашыруу зарыл.

Искендер Шаршеев

“Кээ бир аймактар долбоорлор аркылуу каражат, техника алышса да максаттуу пайдалана алышпайт. Ошондуктан алдыга жылуу болбойт. Демек, өндүрүш тармагын алып кетүү боюнча аларга туура эмес маалымат жеткен же, таптакыр окутуулар болгон эмес. Салыштырып көрсөк, билим менен туура багыт алган айыл өкмөттөрдө чакан ишканалар ачылып, жергиликтүү тургундар дагы жумуш менен камсыз болуп жатышат”, – деди Искендер Шаршеев.

Жеңил өнөр жай тармагынын арты менен кирешеси арткан айыл аймактар бар

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда 13 айыл өкмөт бар. Анын бирөөсү гана дотацияда, калгандары өзүн-өзү каржылайт. Бюджеттин көлөмү инвестицияларды тартуу, салыктарды 100 пайыз жыйноо жана кичи ишканаларды ачуу аркылуу өскөн. Маселен, сүттү кайра иштетүү, тигүү цехтери, фермерлик багытында жумуштар аткарылып келет.

Район акими Руслан Мейматкулов айыл өкмөттөрдө жумуш орундарын түзүү аркылуу кирешени арттыруу боюнча жумуштар жүрүп жаткандыгын айтты. 2021-жылы 420 тонна буудай үрөнүн сатып алышып, 13 айыл өкмөттүн дыйкандарына акысыз таратылган. Учурда күздүк буудай себилип бүттү.

“Эми күзүндө түшүм жыйналганда айыл аймактарда матрезерев түзүлөт. Ар бир айыл өкмөттө 100 тоннадан буудай үрөнү болсун деп жатабыз. Артыкчылыгы – түрдүү кырдаалда дагы дыйканчылык үзгүлтүккө учурабайт. Бул системаны аткарууга 20 миллион сом сарптадык. Акчаны айыл өкмөттөрдөгү тендерлерден арткан жана жергиликтүү кирешелерден үнөмдөп чогултканбыз”,- деди Руслан Мейматкулов.

Ошондой эле беш айыл өкмөттөгү бош жаткан имараттар жергиликтүү казынанын эсебинен оңдолуп, жеке ишкерлерге берилген. Алар тигүү цехтерин ачып, жалпы 436 адам жумуш орду менен камсыз болду. Мындан тышкары, цехтерден түшкөн салык айыл өкмөттөрдүн негизги кирешесине айланган.

Маселен, Кызыл-Суу айыл аймагында 300 орунга ылайыкташкан тигүү фабрикасы иштеп жатат. Бул жерде аялдардын кийимдери тигилип, Орусияга экспорттолот.


Элмира Абышкаева – “AZIAR” тигүү фабрикасынын админиистратору

Инвестиция тартып, көйгөйдү чечсе болот

Өзгөн районунун Жылалды айыл өкмөтүнүн 2 640 калкы бар Прогресс айылында таза суу башкы маселелердин бири болгон. Бул айылга 2003-жылы жер көчкүдөн жабыркаган жарандар отурукташкан. Ошол убакыттан бери суу тартууга каржы маселеси чечилген эмес. Айыл өкмөт дотацияда. Мындан улам жергиликтүү бийлик Эл аралык фонддорго долбоор жазган. Натыйжада ар бир үйгө чейин болбосо дагы айылдагы 8 жерге суу крандары курулуп, таза суу чыгарылды.

Айыл өкмөттүн башчысы Улукбек Жээнбаевдин айтымында ар бир көчөгө суу жеткирүү үчүн 300 миң сомдон каралган. Ошондо 8 жерге ичүүчү суу чыгып, 2 миллион 400 миң сом коротулду.


Улукбек Жээнбаев – Жылалды айыл өкмөтүнүн башчысы

“Бул материал АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттигинин (USAID) жана FHI360 уюму өнөктөштүктө, Кыргызстандагы Интерньюстун өкүлчүлүгүнүн Медиа-К аталган долбоорунун колдоосу менен ишке ашырылды. Материалда айтылган пикирлер Интерньюстун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн көз карашына дал келбеши да мүмкүн.

Даярдаган: Нуржамал Баргыбаева

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.