Каржылык көйгөйлөрдөн пайда болгон стрессти кантип жеңсе болот? Серепчилер кеңеш берет

Коронавирус пандемиясы көпчүлүктү каржылык көйгөйлөргө кептеп, анын айынан стресске кабылгандардын саны арбыды. Стрессти жеңүүдө эмоционалдык саламаттык серепчилеринин кеп-кеңеши сизге жардам берет.

План түзүңүз

Өзүңүздүн чыныгы каржылык абалыңызды түшүнүү – финансылык жагдайды башкаруунун базалык баскычы. Эң керектүү болгон чыгымдардын бюджетин түзүү менен чындыгында эмнеге муктаж болуп жатканыңызды түшүнүп алыңыз.

Ресурс таап, колдоо алыңыз

Каржылык жардам алуу мүмкүнчүлүктөрүн изилдеп көрүңүз. Мамлекеттик мекемелер, кайрымдуулук уюмдары жана жеке ишканалар кандай жардам берип жатканын билиңиз.

Насыяны төлөөнүн түрдүү жолдорун изилдеп чыгыңыз

Насыяны милдеттүү түрдөө төлөө – стресске себеп болушу мүмкүн. Төлөө графигин өзгөртүүгө, суммасын азайтууга же кредиттик каникул алууга аракет кылыңыз.

Тыныгуу алыңыз

Каржылык туруксуздук болгон учурда стресске кабылып, тынчсыздануу нормалдуу көрүнүш. Акчаны эле ойлой бербей, тыныгуу жарыялап, өзүңүзгө жаккан жумуш менен алек болуңуз. Эгерде стресс жана тынчсыздануу сезимдери күнүмдүк жумуштан алаксыта баштаса, анда эмоционалдык колдоо алганыңыз оң.

Жардам сурап кайрылыңыз

Сизге же сиздин жакындарыңызга эмоционалдык жардам керек болгон учурда сүйлөшө турган адамдар дайыма табылат. Көйгөйдү чечүүнүн башка жолдорун таап, стрессти жеңүүгө аракет кылыңыз.

Бул баяндама АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) жана Ага Хан Фондунун колдоосу менен “Жергиликтүү өзгөрүү” долбоорунун “Көп жаша” кампаниясынын алкагында даярдалды.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.