
Кара-Суудагы өтмөк жаз айында пайдаланууга берилет. Анткени жолду асфальтто иштери бүтпөй калган. Бул тууралуу Сарай айыл өкмөтүнүн башчысы Замирбек Турганбаев билдирди.
“Өтмөктү жаз айларында пайдаланууга берүүнү пландап жатабыз. Себеби кышында жолду асфальттоого болбойт. Негизинен өтмөк толук бүткөн” – дейт Турганбаев.
Өтмөктүн узундугу 22 метр, ал эми туурасы 16 метрди түзөт. Буга чейин курулуштун сапатына бир канча ирет сын пикирлер айтылган. Бирок, демилгечи тарап сындарды четке кагып келет.
- 21.12.2018