Кара-Суудагы бакчада мыйзамсыз акча чогултулуп жатабы?

Кара-Суу районунун Ишкаван айылындагы Ыкыбал Ахмедова атындагы балдар бакчасында мыйзамсыз акча чогултулууда. Ата-энелер ай сайын төлөнүүчү төлөм 550 сомдон 800 сомго жогорулаганына нааразы болушууда. Бул тууралуу “Ынтымакка”  өздүк булак билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган бакчада эки айылдын кичинекей бөбөктөрү тарбияланат. Суроо талап жогору болгон үчүн бакча жетекчилиги бааны каалагандай жогорулатып жаткандыгы айтылууда.

“Буга чейин айлык төлөмдү көтөрү боюнча эч кандай маалымат айтылган эмес. Ушул айда эч кандай себепсиз 800 сомдон бересинер деп айтышты.”-деди Ишкаван айылынын тургуну.

Ал эми Кара-Суу райондук билим берүү башкармалыгынын башчысы Гүлайым Машрапова төлөмдү көтөрүү боюнча алар тараптан сунуш болгонун айтты. Эгер ата-энелер макулдугун беришсе, бала бакчанын төлөмү 800 сом болоорун кошумчалады.

 

 

 

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.