Кара-Сууда жол кырсыгынан эки адам каза болду

Кара-Суу районунун аймагында жол кырсыгы катталып, 2 адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Анда маалымдалгандай, Бишкек-Ош унаа жолунун 662-чакырымында (Ташлак айылы) “Жигули” жана “Нива” үлгүсүндөгү жеңил унаалардын каттышуусунда жол кырсыгы катталган.

Натыйжада 1976-жыжы туулган Б.И., 2003-жылы туулган Н.М., 2005-жылы туулган А. у А., жана А.У. (туулган жылы такталууда) жабыркаган.

Куткаруучулар жеткенге чийин жабыркагандар тез жардам кызматы аркылуу ооруканага жеткирилген, бирок 2003-жылы туулган Н.М. жана 2005-жылы туулган А. у А. ооруканада каза болгон.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.