Кара-Сууда жасалма акча сатууга аракет кылган эки жаран кармалды

Кара-Суу районун жасалма акча сатууга аракет кылган эки жаран кармалды. Бул тууралуу Ош облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 3-март күнү райондук милиция тарабынан Кара-Суу районун аймагында “К” аттуу жаран ири суммадагы жасалма АКШ долларын сатууну көздөп жүргөндүгү боюнча ыкчам маалымат алынган.

Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн аймагында ыкчам иш-чараларын жүргүзүү учурунда жасалмаланган ири өлчөмдөгү АКШ долларын сатууну көздөгөн Алай районунун 36 жаштагы Н.Т.,аттуу тургуну кармалган. Текшерүү учурунда шек саналган 50 даана АКШ доллар (100) купюралары табылган. Ал эми дагы бир шектүү – Жалал-Абад облусунун А.Б. аттуу тургунунан 7 даана АКШ доллары (100) купюралары табылып, алынган.

Окуя боюнча кармалган Н.Т. жана А.Б. кылмыш иши боюнча шектүү катары суралып, жасаган кылмышын толугу менен мойнуна алышкан.

Учурда жасалма акчалар кайсы жакта жасалганы жана кимдер тарабынан жасалгандыгын тактоо максатында тергөө амалдары уланууда.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.