Кара-Сууда кир жуучу машина чыгарган ишкана ачылды

Кара-Суу районунда Кыргызстан менен Өзбекстандын биргелешкен кир жуучу машина чыгаруучу ишканасы ачылды.

Мында күнүнө 800дөн кир жуучу машина чыгат.  Азырынча товар Кыргызстандын аймагында гана сатылат. Учурда 50 адам жумуш менен камсыз болгон. Макулдашууларга ылайык, жумушчулардын 80 пайызын жергиликтүү тургундар  түзөт.

Завод Өзбекстандын «Артел» компаниясынын кошмо ишканасы катары ишке кирди. Сырьё ал жактан алынып, бул жакта кир машина тетиктери топтоштурулат.

Алдыда ишкананы кеңейтип чет өлкөгө экспортто пландалып жатат.

Аталган завод эки өлкөнүн Кара-Суу районунда ачкан он экинчи заводу.  Буга чейин «Имзо» компаниясы плдастик айнек-терезелерди иштеп чыгууну жолго койгон эле.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.