Кара-Суу: жолу тосулуп калгандар нааразылык билдирүүдө

Райондун Кызыл-Кыштак айыл аймагында 24 метр узундуктагы жол менчиктештирилип кетти. Муну жергиликтүүлөр билдиришип, жолго коюп алган тосмолорду алышсын деген талаптарды коюп жатышат. Анткени тосмолор коюлгандыктан, 10 чакты кожолуктагы адамдар көчөнү айланып өтүүгө туура келип жатат. Ал эми жердин ээси тургундардын кайрылуусу негизсиз экендигин айтууда.

Кызыл -Кыштак айыл аймагынын тургуну Өткүр Сатыбалдиевдин айтымында, унаалар өтүүчү жолду тосуп алгандыктан өрт өчүрүү машиналары үйлөргө кире албай калган. Ошондой эле көчөдөгү тургундар да каттамга чыгуу үчүн жолду айланып өтүүгө аргасыз болуп жатышат.

“Биздин көчөгө кирүүчү жолдон 4 сотых жерди тосуп алды. Бул көчөдөгү 8 кожолукка ыңгайсыздык жаратып жатат. Биз чоң жолго чыгуу үчүн көчөнүн башынан айланып чыгууга туура келип жатат. Ошондөй эле унаалардын кирүүсүнө да жол калбай калды”,-деди Сатыбалдиев.

Тургундардар кошумчалашкандай, райондук архитектура 90-жылдары талашка түшүп жаткан жерди жол деп көрсөтүп берген. Андыктан тиешелүү чара көрүү боюнча 3 жылдан бери айыл өкмөткө арыз жолдонгону менен жыйынтык чыкпай жатат.

Жердин азыркы ээси Исакжан Рашидов болсо тилкени мыйзамдуу менчиктештиргенин билдирүүдө. Ал төрт сотых жер атасынан калганын айтат. Мындан улам жарандар эмне себептен талашып жатканын түшүнбөй турат.

“Мен өзү мүмкүнчүлүгүм чектелген жаранмын. Тосмолорду алып, жол ачабыз деп эле коркутуп жатышат. Жер болсо мага атаман калган”,- деди жердин азыркы ээси Исакжан Рашидов.

Бул жол боюнча Кара-Суу райондук архитектурасы керектүү документтерди чогултуп,текшерүү жүргүздү. Жыйынтыгында 2013-жылы райондук сот Исакжан Рашидовдун атасынын наамынан өзүнө менчиктештирүү чечимин туура деп тааптыр. Анын негизинде мамлекеттик каттоо кызматынан документтер мыйзамдаштырылган.

Төрт сотых жердеги башталган курулуш азырынча токтотулуп тура турган болду. Себеби жердин документтери мыйзамдуу болгону менен,турак-жай салуу боюнча архитектурдан макулдук алынбай калган.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.