Кара-Суу: жер ала албай жаткан папандыктар айыл өкмөттү айыпташууда

Кара-Суу районунун Папан айылындагы жети жылдан бери жер тилке ала албай келе жаткан тургундар айыл өкмөттү айыптап жатышат. Алар жер тилкелери социалдык абалы оор үй-бүлөлөргө берилбей, колунда барларга сатылып кетип жатат деген айыптарды коюшууда. Айыл өкмөт адистери болсо он күндүн ичинде жер алууга кезекке тургандардын баарына акысыз чек берилерин билдирүүдө.

Чек алууга кезекке тургандардын алды жети жылдан бери кезек күтүп келе жатканын айтышууда. Алар 2010-жылда айыл өкмөткө жер алуу үчүн арыз жазып, андан бери жооп күтүп жүрүшөт. Азыркы убакта болсо тилке берүү үчүн акча талап кылып жатканын белгилешүүдө.

“Мен 2010-жылы жер алууга арыз жазгам. Өзүм ден соолугуман мүмкүнчүлүгү чектелген жаранмын. Ошондуктан айыл өкмөт сураган акчаны бере албайм. Мендей мүмкүнчүлүгү чектелген дагы төрт адам бар. Мындан сырткары да чек алууга кезек күткөң социалдык абалы оор үй бүлөлөр көп”,-дейт Папан айылынын тургуну Аматбай Парманов.

Айыл өкмөт жетекчилерине нааразы болгондордун арасында айылдык кеңеште депутат болуп иштеп кеткендер дагы бар. Алар карапайым калкка берилбеген жерлер кимдерге сатылып кеткенин тактап чыгышканын айтышууда.

“Коргон айылында 5 гектар чек 15 млн сомдон сатылып кетиптир. Калган тилкелер болсо аттуу-баштуулардын туугандарына менчиктештирилип кеткен. Ошондуктан арыз менен кайрылган тургундарга жер берилбей жатат”,-дейт Папан айылдык кеңешинин мурунку депутаты Эсеналы Саипов.

Айтылгандарды аныктоо боюнча Папан айыл өкмөтүнүн башчысы менен байланышууга мүмкүн болгон жок. Орун басары Курбанбек Мияшев 10 күндүн ичинде жер алууга кезекте турган 1000ге жакын жаранга акысыз эле чек берилерин билдирди.

“Айыл өкмөттү 4 гектар 75 сотых жерди менчиктештирген деп айыпташууда. Ал тилкелер болсо мүмкүнчүлүгү чектелген жана аялуу балдарга берилген. Кезек күткөндөргө болсо он күн аралыгында жер берилет”,-дейт Папан айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Курбанбек Мияшев.

Белгилей кетсек, жерге кезек күткөн 1000 адамдын жарымына суулу жерден 4 сотыхтан чек бөлүнөт. Калганына 8 сотыхтан берилет. Учурда айыл өкмөт боюнча жерге 2000ден ашуун тургун кезекте турат. Алардын алды 2007-жылы арыз жазышкан.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.