Кара-Суу: районду камсыз кылган көмөкчү чордон оңдолууда

Трансформаторду оңдоо иштеринде эски чубалгылары алмаштырылып, жаңы типтеги жабдыктар орнотулууда. Ондоп-түзөө иштери ушул жылдын аягына чейин бүткөрүлөт.

Көмөкчү чордон райондогу социалдык обьектилер, билим берүү жана мекеме ишканаларды электр энергия менен камсыз кылат. 55 жылдан бери иштегендиктен эскилиги жеткен. Реконструкция иштерине Ислам өнүктүрүү банкы каржылык колдоо көрсөтүүдө. Жаңы орнотулуп жаткан жабдыктар Россиядан алынып келинүүдө.

Оңдоо жумуштары аяктаганча райондо электр жарыгын убактылуу өчүрүүлөр болуп турат. Мындан улам тургундарды түшүнүү менен кабыл алууга чакырышат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.